Want to create interactive content? It’s easy in Genially!
KG_Comp_Migrant
imanalieva
Created on December 13, 2021
Start designing with a free template
Discover more than 1500 professional designs like these:
Transcript
Баштоо
ДОЛБООР ТУУРАЛУУ
Эмгек миграциясына даяр же даяр эместигиңизди текшериңиз
ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ИШТЕП КЕЛҮҮНҮ ПЛАНДАП ЖАТАСЫЗБЫ?
Улантуу
ПРОДОЛЖИТЬ
ПРОДОЛЖИТЬ
Алмазбек — 29 жаштагы жигит, билими боюнча уста. Ал көптөн бери Кыргызстандан жумуш таба албай башка өлкөгө барып иштеп келүүнү чечкен.
Дос же тааныштардан чет өлкөдө жакшы төлөнгөн жумуш таап берүүнү сурануу
Чет өлкөдө эмгек миграциясы менен жумуш табуу процессин өз алдынча кеңири билүү
Алмазбек эмгек миграциясына кетүүнүн алдында эмне кылышы керек?
Migrant.kg маалыматтык-консультациялык борборуна кайрылуу
Интернеттен Алмазбек жакшы маяна сунуштаган ортомчулардын көптөгөн маалыматын тапты. Ал кыргызстандыктарды чет өлкөдө жумушка орноштурган жеке агенттиктер бар экенин билди. Маалымат издөө учурунда Алмазбек Эмгек министрлигине караштуу migrant.kg маалыматтык-консультациялык сайтына туш болду.
Иш менен камсыз кылган жеке агенттиктерге кайрылуу
Жумушка орноштурууну убада кылган ортомчулардын кызматын колдонуу
БАШКАЧА ЖОЛДУ ТАНДОО
Бейтааныш ортомчулардын убадаларына ишенип Алмазбек акчасын алдатып коюушу мүмкүн, мындан да жаманы — эмгек кулчулугуна же эксплуатацияга кабылышы ыктымал.
Жеке агенттиктердин кызматын колдонуп туура кылдыңыз. Алардын лицензиясы жана чет элде жумуш берүүчүлөр менен түзгөн расмий келишимдери бар. Компания сизди жумушка мыйзамдуу орноштургандан тышкары чет өлкөгө барууга даярдайт. Бирок аларга да дароо ишенип кереги жок. Алгач компанияны консультациялык борбордун www.migrant.kg сайтынан агенттиктердин тизмесинде бар-жогун текшерүү керек. Эгерде ал тизмеде жок болсо, анда бул күмөн саноогоо түрткү болушу керек.
УЛАНТУУ
Маалыматтык-консультациялык борборуна кайрылуу — туура чечим. Ал жакта сизге чет өлкөдөгү жумуштар боюнча акысыз маалымат берип, суроолоруңузга жооп бере турган консультанттар менен юристтер бар.
улантуу
Алмазбекке таанышы Казакстанда, Шымкент шаарында курулушта иштөөну сунуштады. Ал жакта келишим түзүлбөсө керек, бирок жакшы төлөп берип, тамак-аш жана жатаканасы берилет. Алмазбек курулуштун башчысына чалганда ал аны вокзалдан тосуп алууну убада кылды. Алмаз Шымкентке келгенде, курулуш башчысымын деген адам телефонго жооп бербей койду.
Кайра үйгө кайтуу
Калып, жумуш табууга аракет кылуу
Үйдө Алмазбекти ата-энеси тосуп алды. Кайра үйгө кайтуу туура чечим болгон, себеби оозеки макулдашуу эч нерсени кепилдебейт. Эмгек миграциясына чыгуунун алдында миграцияга чейинки даярдыктан өтүү керек — эмгек укуктарын, кабыл алып жаткан өлкөнүн мыйзамдарын, маданиятын жана тилин өздөштүрүү жана албетте, жумушка орношуунун мыйзамдуу жолдорун алдын ала издөө кажет.
УЛАНТУУ
Макул, азыр бара турган жерим да, көп деле акчам да жок эле
Кенесбек, рахмат. Кереги жок
Алмазбек жумуш тууралуу жарыялар илинген тактанын жанында турат. Ага бейтааныш адам келип, өзүн Кенесбек деп тааныштырып, жатаканасы менен тамак-ашы бар жумуш сунуштады.
Байкемдин чарбасы бар. Түшүм чогултууга жумушчу издеп жаткан. 200 миң теңге айлык берилет. 40 миң сомго чукул
Күмөндүү жумуштан баш тартып туура кылдыңыз. Эмгек келишимин түзүү жана расмий каттоого туруу аркылуу жумушка мыйзамдуу орношуу — укуктарыңызды коргоонун кепилдиги. Бул алдануу, адам сатуу же эмгек эксплуатациясына кабылып калуу коркунучун азайтат.
Улантуу
Кенесбектен документтерин көрсөтүүсүн сурануу. Анын жана машинанын сүрөтүн, геолокацияны туугандарга жөнөтүү
Алар Кенесбек экөө чарбага жөнөштү. Эки сааттан кийин Алмазбек белгисиз бир айылга баратканын түшүндү. «Сага айырмасы канча? Шымкентке жакын эле дедим го. Братан, кабатыр болбо!» — деп Кенесбек аны жайгарды.
Аа, жакшы. Эмне жумуш экенин анда барганда көрөлү
Абдан кызык...
Кабатыр болбо, братан!
БАШКАЧА ЖОЛДУ ТАНДОО
Алар күмөндүү чарбага келишти. Алмазбекти чымыр денелүү эки адам курчап алып, паспорту менен капчыгын тартып алышты. Ал эми Кенесбек бул үчүн акча алды. Ушинтип Алмазбек эмгек кулчулугунун торуна түштү — эми ал күндүр-түндүр талаада акы албай иштөөгө мажбур болот. Коргонуу же качып кетуу аракеттери уруп-сабоо менен аяктайт.
Кенесбек макул болбой Алмазбекти түшүрүп салды, ал үйүнө чейин кайра жол тосуп жетти. Жакын туугандарга өзүңүздүн жүргөн жериңизди жөнөтүү менен чет өлкөдөгү жумушуңузду коопсуз кылган болосуз. Эгерде сиз жумуш берүүчүдөн документтерин көрсөтүп, автоунаанын номерин сүрөткө тартып алууну ачык эле суранып, бирок ал андан баш тартып койсо — бул ал киши мыйзам бузуп жаткан болушу мүмкүн деген белги. Бул жагдайда ал адам менен кызматташуудан баш тарткан оң.
улантуу
МИГРАЦИЯ ЖӨНҮНДӨ КӨБҮРӨӨК БИЛҮҮ
КАЙРА БАШТОО
Башка өлкөдө кат түрүндө эмгек келишимин түзбөстөн жумуш тууралуу сунуштарды кабыл алуу адам сатуу жана эмгек кулчулугунда калуу коркунучун жогорулатат. Өзүңүздү коопсуздандыруу үчүн бара турган өлкө, сунушталган жумуш жана анын шарттары тууралуу кеңири маалымат топтоңуз, келишимде жазылган укук жана милдеттериңиз менен алдын ала таанышып алыңыз.
MIGRANT.KG САЙТЫНАН КОНСУЛЬТАЦИЯ АЛУУ
Коопсуз эмгек миграциясы жөнүндө көбүрөөк билүү