Want to create interactive content? It’s easy in Genially!
children_kg_mob
imanalieva
Created on December 3, 2020
Start designing with a free template
Discover more than 1500 professional designs like these:
View
Correct Concepts
View
Microcourse: Artificial Intelligence in Education
View
Puzzle Game
View
Scratch and Win
View
Microlearning: How to Study Better
View
Branching Scenarios Challenge Mobile
View
Branching Scenario Mission: Innovating for the Future
Transcript
Сизде тандоо бар
менде жок
Долбоорго толугу менен чөмүлүү үчүн аны компьютерден ачууну сунуштайбыз.
Долбоор жөнүндө
Кирүү
Бул улууларды балага карата зомбулук болуп аткандыгы тууралуу белгилерди түшүнүүгө үйрөтүү аракети — көп учурда балдардын тили болуп тарткан сүрөттөрү эсептелет. Биз сизге баланын тагдырын чечкен адамдын ордуна болуп көрүүнү сунуштайбыз. Сүрөт аркылуу баланын сезимдерин түшүнө аласызбы?
Ойноо
Авторлору: Александра Титова, Савия Хасанова Которгондор: Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков
Элестетип көрүңүз, сиз бир нерсе чиймелеп сүрөт тарткан кыздын апасы же эжеси болосуз. Сиз ошол сүрөт аркылуу баланын сезимин түшүнө аласызбы?
Сиз тууганысыз
Сиз бир нерсени сүрөткө тарткан баланын мугалими экениңизди элестетип көрүңүз. Сүрөт аркылуу баланын сезимин түшүнө аласызбы?
Сиз мамлекетсиз
Долбоордун баскычтарына нускама
...
...
...
Улантуу
«Мен сүрөт тарттым. Көрөсүңбү?»
«Азамат» деп айтып, өз ишимди улантам.
«Сүрөтүңдө эмне тартылган?» деп сурайм
Беш жарым жылдын ичинде кеминде 79 бала атайылап өлтүрүлгөн. Балдар көп учурда алардын укуктары бузулуп жатканын аңдашпайт. Көбү бул боюнча билишпейт дагы. Бирок, эгер жаш бала укуктары бузулуп жатканын билсе дагы ал бул тууралуу түздөн-түз эч кимге билдире албашы мүмкүн. Эгер сиз балдар тарткан сүрөттөргө кайдыгер болсоңуз, анда сиз үчүн бул оюн бүттү. Эгер сиз аларды түшүнгөндү үйрөнүп алгыңыз келсе, анда оюнду кайра баштан баштоону сунуштайбыз.
«Атам экөөбүз күйөөсү-аялы болуп ойноп жатабыз...»
«Эмне кылып жатасыңар?»: Деп сурайм
Этибарга албайм
Айжамал (аты өзгөртүлдү) атасы зордуктап баштаганда 13 жашта болчу. Психолог менен сүйлөшүп отурганда Айжамал сүрөт тартып берген. Актай кагаздын бетинде сызык менен бөлүнгөн эки гүл тарткан. Биринчисинде чөлдүн фонунда түшүнүксүз сөлөкөттөр кошулуп, соолуган гүл тартылган. Экинчисинде бакчанын фонунда сабактары калың кызыл бапырайган роза гүлү чагылдырылган. Эселек кыз мындай жол менен атасын сүрөттөгөн — анын түшүнүгүндө атасы «жакшы болчу жана аны жакшы көрчү». Ага укуктары жөнүндө, ал өз денесине өзү кожоюн экени тууралуу айтып беришкенде, ал «мындай кылганга болбойт беле?» деп таң калган. Айжамал аталардын баары ушундай кылат жана алардын буга толук укугу бар экен деп ойлоп жүргөн. Эгер сиз балдар тарткан сүрөттөргө кайдыгер болсоңуз, анда сиз үчүн бул оюн бүттү. Эгер сиз аларды түшүнгөндү үйрөнүп алгыңыз келсе, анда оюнду кайра баштан баштоону сунуштайбыз.
«Ал сени кармалагандай эле мени да кармалайт».
«Кайдагыны айтпачы» деп айтам
Баланы психологго алып барам
13 жашар кызды өгөй атасы зордуктачу. Биринчи зордуктоодон кийин (анда ал 11 жашта болчу) өгөй атасы ага «бирөөгө айтсаң же каршылык көрсөтсөң, сиңдиңди зордуктайм» деп айткан. Ошондуктан ал чыдап жүрө берген. Мугалимдердин айтымында, алар кыздын бир кызыктай жүрүм-турумун байкап калышкан, ал сабак бүткөндөн кийин бир нече саат бою мектепти тегеренип жүрө берчү. Ал үйүнө болжол менен кечки саат алтыга карай жөнөчү, ал убакта апасы (үй-бүлөдө иштеген жалгыз адам) үйгө келип калчу. Мындан тышкары, ал абдан түнт болуп, сиңдиси үчүн дайыма тынчсыздана берчү. Балдарга көз салып, алар менен сүйлөшүп, алардын жүрүм-туруму берген белгилерди көз жаздымда калтырбоо абдан маанилүү. Эгер сиз балдар тарткан сүрөттөргө кайдыгер болсоңуз, анда сиз үчүн бул оюн бүттү. Эгер сиз аларды түшүнгөндү үйрөнүп алгыңыз келсе, анда оюнду кайра баштан баштоону сунуштайбыз.
Туугандар чалып, ачыкка чыгарбоону талап кылышууда.
Баш ийем
Милицияга арыз жазам
Өспүрүм балдар 6 жашар баланы бычак менен коркутуп, зордуктап кетишкен. Бул окуяны билип калган атасы аны алгач ооруканага алып барып, андан кийин милицияга арыз жазган. Балага сурак жана беттештирүүнү баштан өткөрүү абдан кыйын болгон, бирок ата-энеси психологдор менен дайыма байланышта болуп, балага ар түрдүү жол менен жардам көрсөтүп турушкан. Жабыркаган бала реабилитация курсунан толук өттү. Ата-энеси аягына чейин акча алуудан баш тартып, реабилитацияны аягына чейин өтүп, баласын дайыма колдоп турушкан. Эгер сиз балдар тарткан сүрөттөргө кайдыгер болсоңуз, анда сиз үчүн бул оюн бүттү. Эгер сиз аларды түшүнгөндү үйрөнүп алгыңыз келсе, анда оюнду кайра баштан баштоону сунуштайбыз.
Күйөөмдүн туугандары ишти жабууну сунуштап жатышат.
Макул болом
Ишти сотко чейин жеткирем
«Жабыркаган баланын сезими тууралуу эч ким ойлонбойт — биздин процесстик кодексибизде балдар үчүн бул эң чоң травма алып келчү нерсе. Бизде башка өлкөлөрдөгүдөй эмес, кылмыш тууралуу билдиргенде жабыркаган бала көрсөтмө бергенден кийин бул көрсөтмөнүн аудиосу сотто колдонулбайт. Ал жакта жабыркаган баланы башынан кечиргенин улам-улам баштан өткөрүүгө мажбурлашпайт. Балдарга карата сексуалдык зомбулук сыяктуу иш көп убакыт иликтенерин эске алсак, алар үчүн көп сааттык сурактарда ондогон жолу баштан өткөргөн зордукту эстеп отуруу эмоционалдык жактан кыйын болот», — дейт Караколдогу Балдарга жардам берүү борборунун башчысы Бэлла Капарова. Ошондуктан, эгер бала зордук-зомбулукка кабылган болсо, аны колдоп, жанында экениңизди көрсөтүү абдан маанилүү. Эгер сиз балдар тарткан сүрөттөргө кайдыгер болсоңуз, анда сиз үчүн бул оюн бүттү. Эгер сиз аларды түшүнгөндү үйрөнүп алгыңыз келсе, анда оюнду кайра баштан баштоону сунуштайбыз.
Куттуктайбыз, оюндун аягына чейин жеттиңиз! Жакшы көңүл буруп, сабырдык менен баланы куткарып, балдардын сүрөтү тууралуу көп нерсе билип алдыңыз. Бул билим сизге эч качан керек болбойт деп үмүт кылабыз. Эң башкысы, эстен чыгарбаңыз, бала менен сүйлөшүп, өз убагында жардам көрсөтүү үчүн аны эмне тынчсыздандырып жатканын сурап билип туруу абдан маанилүү.
Долбоордун баскычтарына нускама
...
...
...
Улантуу
«Тапшырманы аткардым. Текшересизби?»
«Эмнени тарттың?» деп сурайм
Карабай эле беш коюп берем
Беш жарым жылдын ичинде кеминде 79 бала атайылап өлтүрүлгөн. Балдар көп учурда алардын укуктары бузулуп жатканын аңдашпайт. Көбү бул боюнча билишпейт дагы. Бирок, эгер жаш бала укуктары бузулуп жатканын билсе дагы ал бул тууралуу түздөн-түз эч кимге билдире албашы мүмкүн. Эгер сиз балдар тарткан сүрөттөргө кайдыгер болсоңуз, анда сиз үчүн бул оюн бүттү. Эгер сиз аларды түшүнгөндү үйрөнүп алгыңыз келсе, анда оюнду кайра баштан баштоону сунуштайбыз.
«Өзгөчө эч нерсе жок, жөн эле».
Этибарга албайм
«Бул эмнени түшүндүрөт?» деп сурайм
Көп балалуу үй-бүлөнүн эң улуусу болгон 14 жашар кыз бирде талаада, бирде базарда иштеп, баарын камсыздачу. Көрсө, ал такай ата-энесинин физикалык зомбулугуна кабылып, алар кызы иштеп тапкан акчанын баарын алып коюшчу экен. Аны көргөндөрдүн көбү, анын ичинде социалдык кызматкерлер дагы «Кичинекей кезибизде биз дагы уруш жейт элек» деп айтышчу. Учурда кыз психологдордун көзөмөлүндө. Эгер сиз балдар тарткан сүрөттөргө кайдыгер болсоңуз, анда сиз үчүн бул оюн бүттү. Эгер сиз аларды түшүнгөндү үйрөнүп алгыңыз келсе, анда оюнду кайра баштан баштоону сунуштайбыз.
«Балким, бул достук».
Айрым кеңештерди берип, унутуп коём
Ата-энесине чалам
13 жашар кызды өгөй атасы зордуктачу. Биринчи зордуктоодон кийин (анда ал 11 жашта болчу) өгөй атасы ага «бирөөгө айтсаң же каршылык көрсөтсөң, сиңдиңди зордуктайм» деп айткан. Ошондуктан ал чыдап жүрө берген. Мугалимдердин айтымында, алар кыздын бир кызыктай жүрүм-турумун байкап калышкан, ал сабак бүткөндөн кийин бир нече саат бою мектепти тегеренип жүрө алат эле. Ал үйүнө болжол менен саат алтыга жөнөчү, ушул маалда апасы (үй-бүлөдө иштеген жалгыз адам) үйүнө кайтчу. Мындан тышкары, ал абдан түнт болуп, сиңдиси үчүн дайыма тынчсыздана берчү. Балдарга көз салып, алар менен сүйлөшүп, алардын жүрүм-туруму берген белгилерди көз жаздымда калтырбоо абдан маанилүү. Эгер сиз балдар тарткан сүрөттөргө кайдыгер болсоңуз, анда сиз үчүн бул оюн бүттү. Эгер сиз аларды түшүнгөндү үйрөнүп алгыңыз келсе, анда оюнду кайра баштан баштоону сунуштайбыз.
Ата-энеси баласы «көп кыялданарын» айтып, аны менен аларга да оор болуп жатканын билдиришти.
Социалдык кызматка же милицияга кайрылам
«Эми эмне дейм, эң башкысы чалып койдум»
Мектеп психологу Өмүргазы (аты өзгөртүлдү) менен иштей баштаган, анткени ал мектепте таптакыр баш бербей калган. Ал орой болуп, классташ кыздарын уруп, мугалимдерди коркута баштаган. 15 жаштагы бала бардыгын танып жүргөн, бирок узак сүйлөшүүлөрдөн кийин Өмүргазы өгөй атасы дайыма катуу уруп-сабарын айтып берген. Мындай зомбулукту көргөн бала өчүн кыздардан алчу, себеби зомбулукка энеси күнөөлүү деп ойлоп жүрчү. Психолог менен иштөө балага жардамын тийгизген. Эгер сиз балдар тарткан сүрөттөргө кайдыгер болсоңуз, анда сиз үчүн бул оюн бүттү. Эгер сиз аларды түшүнгөндү үйрөнүп алгыңыз келсе, анда оюнду кайра баштан баштоону сунуштайбыз.
Милиционерлер менен соцкызматкерлер келип, сизден сурак алып жатышат.
Зомбулук боюнча шектенүү тууралуу кабарлайм
Көйгөйлүү бала тууралуу кабарлайм
Динара Давлетбаеванын айтымында, балдарга карата жардам Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн (ҮБКБ) кызматкерлери аркылуу көрсөтүлөт. Эгер алар бала кооптуу чөйрөдө жашап жатат деген чечимге келишсе, анда алар баланы үй-бүлөдөн алып коюшу мүмкүн. «Ар бир райондо социалдык кызматкерлер, жашы жете элек балдардын иштери боюнча инспекторлор, социалдык педагогдор бар. Алар менен дайыма кызматташабыз, эгер бала зомбулукка кабылууда деген кымындай гана шек жаралса дагы алар туура жардам көрсөтүшү үчүн кээде тренингдерди өткөрүп турабыз», — дейт ал. Эгер сиз балдар тарткан сүрөттөргө кайдыгер болсоңуз, анда сиз үчүн бул оюн бүттү. Эгер сиз аларды түшүнгөндү үйрөнүп алгыңыз келсе, анда оюнду кайра баштан баштоону сунуштайбыз.
Куттуктайбыз, оюндун аягына чейин жеттиңиз! Жакшы көңүл буруп, сабырдык менен баланы куткарып, балдардын сүрөтү тууралуу көп нерсе билип алдыңыз. Бул билим сизге эч качан керек болбойт деп үмүт кылабыз. Эң башкысы, эстен чыгарбаңыз, бала менен сүйлөшүп, өз убагында жардам көрсөтүү үчүн аны эмне тынчсыздандырып жатканын сурап билип туруу абдан маанилүү.